Түркиянын цитрус экспорту

Эң көп экспорттолгон цитрус продукциясы мандарин болду.

1762692
Түркиянын цитрус экспорту

Цитрус экспорту 2021 - жылы 934 миллион 891 миң доллар валюта агымы менен түрк экономикасына салым кошту.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда, 2020 - жылы цитрус жемиштеринде 1 миллион 801 миң тонна продукция экспорттолсо, 2021 - жылы бул көрсөткүч 1 миллион 963 миң тоннага жетти.

Цитрус экспортунда 2021 -  жылы көлөмү жактан көбөйүү менен бирге доллар базасында жогорулоо болду. 

2020 - жылы 932 миллион 803 миң доллар болгон цитрус экспорту 2021 - жылы 934 миллион 891 миң долларга жетти.

Эң көп экспорттолгон цитрус продукциясы мандарин болду. Андан кийин лимон, апельсин жана грейпфрут келди.

 

 



Тектеш кабарлар