2021 - жылы Түркияда электрдүү жана гибриддик автомобиль сатыштары өстү

Түркияда 2021 -  жылы 2020 - жылга салыштырмалуу электрдик унаа сатуу 237,2 пайызга, гибрид унаа сатуу 105,1 пайызга өстү.

1758927
2021 -  жылы Түркияда электрдүү жана  гибриддик автомобиль сатыштары өстү

Түркиянын унаа базарында электр жана гибриддик унаалардын үлүшү өсүүдө.

Автомобиль дистрибьюторлор ассоциациясынын маалыматтарына караганда, Түркия автомобиль рыногунда гибриддик  автомобиль сатышы өткөн жылы 49 миң 493кө жетип, электрдүү автомобиль сатышы да 2 миң 846 болуп катталды.

Түркияда 2021 -  жылы 2020 - жылга салыштырмалуу электрдик унаа сатуу 237,2 пайызга, гибрид унаа сатуу 105,1 пайызга өстү.

Электрдүү автомобилдердин жалпы сатыштардагы үлүшү 0, 1 пайыздан 0,5 пайызга жана гибриддик автомобилдердин үлүшү да 4 пайыздан 8,8 пайызга чыкты.

Келечекте дүйнөдө болуп жаткан өнүгүүлөр менен Түркиянын унаа базарындагы «жашыл унаалардын» үлүшү дагы жогорку деңгээлге жетиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар