Түрк автомобиль өнөр жайынан ЕБ өлкөлөрүнө 19 миллиард долларлык экспорт

Өткөн жылы бул өлкөлөргө 2020-жылга салыштырмалуу 11 пайызга өсүү менен 18 миллиард 966 миллион 187 миң долларлык экспорт жасалды.

1758374
Түрк автомобиль өнөр жайынан ЕБ өлкөлөрүнө 19 миллиард долларлык экспорт

Түрк экономикасынын локомотив сектору болгон автомобиль өнөр жайы Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө 18 миллиард 966 миллион 187 миң долларлык экспортту ишке ашырды.

Улудаг автоунаа өнөр жайы экспортчулар биримдиги жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматтарынан түзүлгөн көрсөткүчтөргө караганда, өткөн жылы 200гө жакын өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга сатуу жасаган сектор, мурунку жылга салыштырмалуу 15 пайыздык өсүү менен 29 миллиард 342 миллион 795 миң долларлык экспортко жетишти.

Өлкөлөр боюнча 2021-жылы 64,6 пайыздык үлүш менен ЕБ өлкөлөрү Түркиянын унаа экспортунда биринчи орунду ээледи.

Өткөн жылы бул өлкөлөргө 2020-жылга салыштырмалуу 11 пайызга өсүү менен 18 миллиард 966 миллион 187 миң долларлык экспорт жасалган.

ЕБ өлкөлөрү унаа экспортунда эң маанилүү рынок катары позициясын сактап калышты.

Өткөн жылы эң көп экспорт жасалган өлкөлөргө карасак, түрк автомобиль өнөр жайынын негизги рыногу болгон Германия 2020-жылга салыштырмалуу 17 пайыздык өсүү менен эң көп унаа сатылган өлкө катары көңүлдөрдү бурду.

Түркиядан Германияга 2020-жылы 3 миллиард 569 миллион 893 миң доллар болгон унаа экспорту 2021-жылы 4 миллиард 167 миллион 666 миң долларга өстү.

Германиядан кийин 14 пайыздык өсүү менен экинчи негизги рынок болгон Франция ээледи.

2020-жылы Францияга 2 миллиард 962 миллион 942 миң доллар, 2021-жылы 3 миллиард 371 миллион 418 миң долларлык экспорт ишке ашты.

Автомобиль экспортунда Британия 39 пайыздык өсүү жана 3 миллиард 93 миллион 557 миң доллар менен үчүнчү, Италия 15 пайыздык өсүү жана 2 миллиард 448 миллион 548 миң доллар менен 4-орунду, Испания 15 пайыздык өсүү жана 1 миллиард 606 миллион 540 миң доллар менен 5-орунду алды.



Тектеш кабарлар