Түркиянын бор экспорту рекордго жетти

Министр Дөнмез : "Бордо 1 миллиард долларлык сатуу менен рекордго жетти"

1753707
Түркиянын бор экспорту рекордго жетти

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез : «Жалпы 2,6 миллион тонналык бор продукциясын саттык. Анын ичинен 2,5 миллион тоннасы экспорттолду.  Бул жерде да 1 миллиард доллардан ашык сатуу көрсөткүчүнө жетишип рекордго жеттик»,- деди.

Дөнмез борбор шаар Анкарадагы Эти Маден башкы директорлугунда өткөрүлгөн Бор семинарында Түркиянын дүйнөлүк бор базарынын лидери экенине көңүлдөрдү буруп : «2021 - жылдагы эпидемиялык шарттарга карабастан, бор өндүрүү, экспорттоо жана сатуу боюнча рекорд койдук. Бардыгы болуп 2,6 миллион тонна бор продукциясын саттык, анын 2,5 миллион тоннасы экспорттолду. Сатуу көрсөткүчү менен рекордго жеттик. Бүгүнкү күндө биз бор базарынын 62 пайызына ээбиз»,- деди.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар