Исламабад-Тегеран-Стамбул темир жолунда жүк ташуу кайрадан башталды

Исламабад-Тегеран-Стамбул жүк поезди долбоору үчүн Пакистандын борбор шаары Исламабаддагы Маргалла вокзалында азем өткөрүлдү.

1750702
Исламабад-Тегеран-Стамбул темир жолунда жүк ташуу кайрадан башталды
islamabad-tahran-istanbul tren.jpg
islamabad-tahran-istanbul tren.jpg
islamabad-tahran-istanbul tren.jpg
islamabad-tahran-istanbul tren.jpg

Пакистан, Иран жана Түркиянын ортосундагы «Исламабад-Тегеран-Стамбул жүк поезди долбоору» бүгүн Исламабаддан жолго чыккан поезд менен кайрадан башталды.

Исламабад-Тегеран-Стамбул жүк поезди долбоору үчүн Пакистандын борбор шаары Исламабаддагы Маргалла вокзалында азем өткөрүлдү.

Салтанатка Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, темир жол министри Мохаммад Азам Хан Свати, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул, Ирандын Исламабаддагы элчиси Мухаммед Али Хусейни, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун расмий өкүлдөрү жана көптөгөн коноктор катышты.

Курейши бул жерде жасаган билдирүүсүндө бул өнүгүүнү тарыхый деп сыпаттады жана бул кадамдын аймакта соода жана бизнес үчүн жаңы жолдорду ача турганын айтты.

Долбоордун үч өлкөнүн ортосундагы сооданы гана өнүктүрбөй турганын белгилеген Курейши, Европа менен да жаңы соода жолдорунун ачыла турганына көңүл бурду.

Түркиянын Исламабаддагы элчиси Юрдакул бүгүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алкагында абдан маанилүү кадам ташталганын баса белгиледи.

«Бул долбоор көптөн бери күн тартибинде болчу. Бул эки тараптуу кызматташтыкты, өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана соода алмашууну жакшыртуучу кадам болот»,-деп айтты ал.

Исламабаддан жолго чыккан поезддин Стамбулда токтоп калбоосу керектигине көңүл бурган Юрдакул, Европага туташтырылышы керектигин айтты.

2009-жылы үч өлкөнүн ортосунда ишке ашырылган долбоор 2011-жылы Пакистандагы кечигүүлөрдөн улам токтотулган.

Сөз болуп жаткан долбоордогу темир жолдун аралыгы 6 миң 543 километрди түзөт.



Тектеш кабарлар