Тоо-кен өнөр жайынын экспорту өстү

Түркиянын экспорту ноябрь айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33,4 пайызга өсүп 21 миллиард 468 миллион доллар болду.

1742582
Тоо-кен өнөр жайынын экспорту өстү

Тоо-кен өнөр жай өнүмдөрүнүн экспорту ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,9 пайызга өсүп 548 миллион 502 миң долларга жетти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, Түркиянын экспорту ноябрь айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 33,4 пайызга өсүп 21 миллиард 468 миллион доллар болду.

Бул мезгилде тоо-кен өнөр жайы 165 өлкөгө 548 миллион 502 миң долларлык экспорт жасады.

Сектордун экспорту ушул жылдын 11 айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 42,4 пайызга өсүп, 5 миллиард 398 миллион 731 миң долларга жетти.

Ноябрь айында тоо-кен өнөр жайы эң көп экспорт кылган өлкө Кытай болду.

Бул мезгилде Кытайга экспорт 130 миллион 271 миң долларды түздү.

Кытайдан кийин 49 миллион 451 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 44 миллион 479 миң доллар менен Болгария, 30 миллион 776 миң доллар менен Испания, 23 миллион 989 миң доллар менен Индия, 18 миллион 850 миң доллар менен Италия жана 14 миллион 342 миң доллар менен Бельгия турат.



Тектеш кабарлар