Коргоо жана авиация өнөр жайында жаңы экспорт рекорду

Сектор 2021-жылды 3 миллиард доллардан ашык экспорт менен жаап, жаңы босогодон аттоого даярданып жатат.

1742675
Коргоо жана авиация өнөр жайында жаңы экспорт рекорду

Жылдын 11 айындагы 2 миллиард 793 миллион 974 миң долларлык экспорт, коргоо жана авиация өнөр жайынын жаңы экспорт рекорду болду.

Согуш талаасындагы ийгилик, түрк коргоо жана авиация өнөр жайынын өнүмдөрүнүн дүйнөдөгү атагын арттырууда. Чек ара операцияларында жана ички коопсуздук операцияларында көрсөтүлгөн жогорку көрсөткүчтөр, Түркиянын атамекендик жана улуттук технологияларына болгон кызыгууну арттырып, экспортту көбөйтүүдө.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, пандемиянын таасири толугу менен өтө электигине жана өлкөлөрдүн өз приоритеттерин ар кандай тармактарга бурушуна карабастан, коргоо жана авиация өнөр жайы 2021-жылдын аягында жаңы экспорт рекордуна жетишти.

Сектор өткөн жылдын 11 айында 1 миллиард 999 миллион 306 миң долларлык экспорт ишке ашырса, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 39,7 пайыздык өсүү менен 2 миллиард 793 миллион 974 миң долларлык экспорт көрсөткүчүнө жетти. Бул көрсөткүч коргоо жана авиация өнөр жайы үчүн жаңы рекорд катары катталды.

Сектор 2021-жылды 3 миллиард доллардан ашык экспорт менен жаап, жаңы босогодон аттоого даярданып жатат.

Сектордун 11 айлык экспортунда мурунку жылдардагыдай 1 миллиард 32 миллион 615 миң доллар менен биринчи орунду Америка Кошмо Штаттары (АКШ) алды. Өзгөчө Карабах согушунда Түркиянын коргоо өнөр жайынын өнүмдөрү менен армиясын күчтөндүргөн Азербайжан АКШдан кийинки орунду ээледи. Быйыл Азербайжанга 192 миллион 126 миң долларлык экспорт жасалды. Үчүнчү орунда Түркиядан армиясы үчүн бронетехника, деңиз платформалары жана курал системаларын сатып алган Катар болду. Катарга экспорттун экономикалык эквиваленти 180 миллион 544 миң долларды түздү.

Бул 3 өлкөдөн кийин Түркиянын акыркы мезгилде брондолгон унаа жана учкучсуз учуучу аппараттарды экспорттогон өлкөлөр бар.



Тектеш кабарлар