Fitch Түркиянын 2021-жылдагы өсүү күтүүсүн жогорулатты
Билдирүүдө өлкө экономикасынын 2022-жылга карата өсүү болжолунун 3,5 пайыздан 3,6 пайызга көтөрүлгөнү белгиленди.

Эл аралык кредит рейтинги мекемеси Fitch Ratings Түркия үчүн быйылкы өсүү күтүүсүн 10,5 пайызга көтөрдү.
Фитчтин билдирүүсүндө, түрк экономикасына байланыштуу баа берүүлөр жасалды.
Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы таасирдүү боло баштаган 2020-жылы Түркиянын ички дүң продукциясынын 1,8 пайызга жогорулаганы эске салынган билдирүүдө, өлкөнүн экономикасынын 2021-жылы болсо 10,5 пайызга өсүүсүнүн күтүлгөнү маалымдалды.
Фитч сентябрь айында жарыялаган Глобалдык экономикалык көрүнүш отчетунда, түрк экономикасынын быйыл 9,2 пайыз өсөөрүн болжолдогон.
Билдирүүдө өлкө экономикасынын 2022-жылга карата өсүү болжолунун 3,5 пайыздан 3,6 пайызга көтөрүлгөнү белгиленди.
Ошондой эле Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн атаандаштарына салыштырмалуу күчтүү болгонуна да көңүл бурулду.
Тектеш кабарлар

Түркиянын өнөр жай өндүрүш индекси 9, 6 пайызга өстү
Түркиянын статистика мекемеси ТҮИК март айынын өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыгын жарыялады.