Түркиянын анчоус экспорту

Түркия 19 өлкөгө анчоус сатты.

1737983
Түркиянын анчоус экспорту

Түркиядан 2021-жылдын 1-сентябрынан 20-ноябрына чейин 19 өлкөгө 3 миллион 338 миң долларлык хамси (анчоус) экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына ылайык, 2021-2022 сезону башталгандан бери 690 тонна анчоус экспорттолду.

Бул экспорттон 3 миллион 338 миң долларлык киреше түштү.

Түркия бул мезгилде 19 өлкөгө анчоус сатса, Франция, Германия жана Бельгия биринчи үч оорунду ээледи.

Францияга 960 миң 721 долларга 157,5 тонна анчоус экспорттолду.

Францияга экспорт көлөмү жагынан 11 пайызга, нарк жагынан 21 пайызга өстү. Франциядан кийин 719 миң 752 доллар менен Германия, 674 миң 182 доллар менен Бельгия турат.

Бир тараптан былтыркы 1-20-ноябрь мезгилинен айырмаланып анчоус Испания, Англия, Португалия, Ливан, Катар жана Иракка сатылды.



Тектеш кабарлар