Варанк: «Түркияны эң маанилүү өндүрүш базаларынын бирине айлантууну каалайбыз»

Варанк Сакариядагы ASAŞ алюминий заводуна барып, өндүрүштү карап чыкты жана жетекчилерден маалымат алды.

1734079
Варанк: «Түркияны эң маанилүү өндүрүш базаларынын бирине айлантууну каалайбыз»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркияны эң маанилүү өндүрүш базаларынын бирине айлантууну каалашкандарын айтты.

Варанк Сакариядагы алюминий секторунда иштеген ASAŞ алюминий заводуна барып, өндүрүштү карап чыкты жана жетекчилерден маалымат алды.

Заводду кыдыруусунан кийин Варанк бул ишкананын Түркиянын алюминий өнөр жайындагы эң маанилүү фирмалардын бири экенин айтып: «ASAŞ алюминий тармагында темир жол системаларынан алюминий фольгага чейин бардык түрдөгү өнүмдү чыгара алган, Түркиянын эң мыкты 100 фирмасынын катарына кирген, өткөн жылы 550 миллион долларлык товар жүгүртүүгө ээ болгон жана дүйнөдө 90дон ашык өлкөгө экспорттой алган компания», - деди.

Түркияны кошумча нарктуу өндүрүш менен өсүп жаткан өлкө кылууну каалагандарын билдирген Варанк: «Биз Түркияны дүйнөнүн эң маанилүү өндүрүш базаларынын бирине айлантууну каалайбыз. ASAŞ да алюминий өнөр жайында чыгарган өнүмдөрү жана темир жол системасынан автомобиль, коргонуу өнөр жайынан таңгак өнөр жайына чейин өндүргөн ар түрдүү өнүмдөрү менен чоң кошумча нарк жаратууда. Буйруса алдыдагы мезгилде да Сакариядагы жаңы инвестициялары менен өлкөбүздүн экономикасына салым кошууну улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар