Асунсьондо Түркия-Парагвай соода палатасы түзүлөт

Жыйында Асунсьондо «Түркия-Парагвай соода палатасынын» түзүлүшү чечими кабыл алынды.

1729270
Асунсьондо Түркия-Парагвай соода палатасы түзүлөт

Түркиянын Парагвай менен болгон экономикалык жана соода карым-катнаштарын өнүктүрүү максатында Парагвайдын борбор шаары Асунсьондо «Түркия-Парагвай соода палатасынын» түзүлүшү чечими кабыл алынды.

Түркиянын Асунсьондогу элчилигинен алынган маалыматка караганда, Парагвайдын өнөр жай жана соода министри Луис Кастиглони, Түркиянын Асунсьондогу элчиси Серхат Аксен, парагвайлык ишкерлер, Парагвайдын Стамбулдагы ардактуу консулу жана ишкер Женгиз Девежи жана Парагвайдын аккредиттелген коммерциялык кеңешчиси Бирай Куштун катышуусу менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйында Асунсьондо «Түркия-Парагвай соода палатасынын» түзүлүшү чечими кабыл алынды.

Тема боюнча маалымат берген Түркиянын Прагвайдагы элчиси  Аксен, Парагвай менен экономикалык жана соода карым-катнаштарын өнүктүрүү боюнча иштерди уланткандарын, соода көлөмүнүн быйыл өсүү тенденциясын көрсөткөнүн белгиледи.

Аксен, эки өлкөнүн ортосундагы реалдуу потенциалды ишке ашыруу үчүн Парагвайдын Өнөр жай жана соода министрлиги жана инвестиция агенттиги REDIEX менен байланышта болгондорун жана бул байланыштардын натыйжасында мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү үчүн соода-өнөр жай палатасын куруу чечими кабыл алынганын белгиледи.

Түркияда тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) курамында Түркия-Парагвай Иш кеңешинин түзүлүшү жакындап бараткандыктан, алдыдагы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода карым-катнаштарынын дагы күчтөнүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар