Standard & Poor's Түркиянын экономикасынын быйыл 8,6 пайыз өсүүсү күтүлгөнүн жарыялады

S&P билдирүүсүндө Түркиянын базарынын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында тездик менен калыбына келгенине көңүл бурулду.

1723942
Standard & Poor's Түркиянын экономикасынын быйыл 8,6 пайыз өсүүсү күтүлгөнүн жарыялады

Эл аралык кредит рейтинг агенттиги Standard & Poor's (S&P) Түркиянын экономикасынын быйыл 8,6 пайыз өсүүсү күтүлгөнүн жарыялады.

S&P билдирүүсүндө Түркиянын базарынын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясында тездик менен калыбына келгенине көңүл буруп, өлкөнүн экономикасы быйыл өсүүнү улантканын белгиледи.

Экспорттун жана ички экономикалык ишмердүүлүктүн күчтүү калыбына келүүсүнө көңүл бурулган билдирүүдө, бул иш -чаралардын эпидемияга каршы туруктуу бойдон калуусунан улам быйыл экономикада 8.6 пайыздык өсүш күтүлөрү белгиленди.

S&P тарабынан жасалган билдирүүдө, Ковид-19 эпидемиясынын түрк экономикасы үчүн түздөн-түз коркунучтарынын азайганы белгиленип, Түркиянын финансылык абалынын башка көптөгөн өнүгүп келе жаткан базар экономикаларына салыштырмалуу күчтүү бойдон калганы жана өлкөнүн кредиттик рейтингдерин колдоону улантканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар