Антальяга келген туристтердин саны 8 миллиондон ашты

Шаарга келген туристтердин санынын өсүшү уланууда.

1721152
Антальяга келген туристтердин саны 8 миллиондон ашты

Быйылкы жылы Антальяга келген туристтердин саны 8 миллион 38 миң 761 кишиге жеткени маалымдалды.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, шаарга келген туристтердин санынын өсүшү уланууда.

Октябрдын 17 күнүндө эс алуу үчүн шаарды тандаган туристтердин санынын 1 миллиондон ашканы баса белгиленген билдирүүдө: «Өткөн жылдан 1-январдан 17-октябрга чейин 3 миллион 70 миң 854 турист келген Антальяга, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 8 миллион 38 миң 761 киши зыярат кылды. Жарыяланган маалыматтарга караганда, январь айынан бери Антальяга аба аркылуу келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 162 пайызга көбөйдү», деп айтылды.

Билдирүүдө, октябрдын 17 күндүк бөлүгүндө шаарга келген коноктордун саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 105 пайызга өскөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар