Сентябрь айында чет элдиктерге 6 630 уй сатылды

Январь  -  сентябрь мезгилинде болсо чет элдиктерге үй сатуу өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 43, 2 пайызга өсүп, 37 479 болду.

1719028
Сентябрь айында чет элдиктерге 6 630 уй сатылды

Түркияда сентябрь айында үй сатуу 2013 – жылдан бери эң жогорку айлык сатуу көрсөткүчү катары катталды.

Түркиянын статистика мекемеси сентябрь айы тууралуу үй сатуу статистикасын билдирди. Ушуга караганда сентябрь айында чет элдиктерге үй сатуу жылдык базада 25,8 пайыздык өсүү менен 6 630га жетти. Бул сан серия жарыяланган 2013 - жылдан бери эң жогорку айлык сатуу көрсөткүчү катары катталды.

Мындан мурдагы рекорд болсо 6 276  үй сатышы менен 2018 – жылдын октябрь айында ишке ашкан.

Сентябрь айында үй сатуунун жалпы көлөмүндө чет элдиктерге үй сатуунун үлүшү 4,5 пайызды түзгөн.

Чет элдиктерге турак жай сатууда Стамбул сентябрь айында 2  995 үй сатуу менен биринчи орунду алды. Стамбулдан кийин 1358 үй сатуу менен Анталия жана 408 үй  менен Анкара келди.

Январь  -  сентябрь мезгилинде болсо чет элдиктерге үй сатуу өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 43, 2 пайызга өсүп, 37 479 болду.



Тектеш кабарлар