Кургатылган өрүктүн экспорту 9 айда 225 миллион доллардан ашты

Өткөн жылдын сентябрь айында 9 339 тонна экспорттон 30 миллион 745 000  доллар киреше алынган.

1716357
Кургатылган өрүктүн экспорту 9 айда 225 миллион доллардан ашты

Малатиядан кургатылган өрүк экспорту жылдын 9 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50 миллион долларга өсүп 225 миллион 516 000 долларга жетти.

Түркиянын Европа Биримдигинде географиялык көрсөткүчтөрү катталган үчүнчү продукты Малатия өрүгүнүн экспорттон түшкөн кирешеси көбөйүүдө.

Малатия Соода Биржасынын маалыматтарына караганда, сентябрь айында 10 939 тонна кургатылган өрүк экспорттолуп, 42 миллион 259 000 долларлык киреше алынды.

Өткөн жылдын сентябрь айында 9 339 тонна экспорттон 30 миллион 745 000  доллар киреше алынган.

Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу экспорттон түшкөн киреше 11 миллион 514 000 долларга өстү.

 

 



Тектеш кабарлар