ЧАЙКУРдан 93 өлкөгө чай экспорттолду

ЧАЙКУРдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өндүрүлгөн табигый жана таза түрк чайынын дүйнөлүк рынокко жайылганы белгиленди.

1708567
ЧАЙКУРдан 93 өлкөгө чай экспорттолду

Чай ишканаларынын башкы башкармалыгы (ÇAYKUR) пакеттелген жана муздак чайдын 93 өлкөгө экспорттолгонун билдирди.

ЧАЙКУРдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, өндүрүлгөн табигый жана таза түрк чайынын дүйнөлүк рынокко жайылганы белгиленди.

Продукциясы Европанын 44 өлкөсүнө экспорттолгону айтылган билдирүүдө, «Европа өлкөлөрү менен кошо Америка Кошмо Штаттарынан Кытайга чейин, Бириккен Араб Эмирликтеринен Канадага, Жапониядан Жаңы Зеландияга чейин жалпысынан 93 өлкөгө жетет. Таңгакталган чайлар менен ошондой эле муздак чайды экспорттоп жатып жаңы базарларды табуу үчүн изилдөөлөр жүргүзүлүүдө»,экендиги маалымдалды.

Билдирүүдө баа берүүлөрү камтылган ЧАЙКУРдун башкы директору Юсуф Зия Алим: «Түрк чайы үстүнө кар жааган, башка өлкөлөрдөгүдөй зыянкечтерге каршы күрөшүүнү талап кылбаган табигый керемет. Адамдын ден-соолугуна пайдасы илимий изилдөөлөр менен далилденген биздин чай дүйнөдө да артыкчылыктуу. Биз өзүбүздүн рынокту көбөйтүү үчүн иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар