"Blue Sapphire" круиздик кемеси 446 жүргүнчүсү менен Мармариске келди

"Blue Sapphire" кечинде Антальяга жөнөп кетет.

1702022
"Blue Sapphire" круиздик кемеси 446 жүргүнчүсү менен Мармариске келди

Багама желектүү "Blue Sapphire" круиздик кемеси Мугланын Мармарис районуна келди.

Айдындын Кушадасына баргандан кийин Түштүк Эгейге карай багыт алган кеме эртең менен Мармарис булуңуна кирди.

Мармаристин круиздик портуна токтогон кемеде көпчүлүгү орустардан турган 446 турист жана экипаждын 196 мүчөсүнүн бар экени айтылды.

Кемеден түшкөн жүргүнчүлөр элдик бий менен тосулуп алынды. Порт жетекчилиги бир нече айдан кийин келген биринчи круиздик кеменин конокторуна локум таттуусун жана жергиликтүү ак суу тартуулады.

Бажы процедураларынан кийин туристтер кемеден чыгып, Мармарис Базарына, Калеичи жана маринага, ошондой эле тарыхый жана туристтик жерлерге барышты.

"Blue Sapphire" кечинде Антальяга жөнөп кетет.


Этикеткалар: #Мугланын Мармарис

Тектеш кабарлар