Соода министри Муш АКШнын соода өкүлү менен сүйлөштү

Муш АКШнын соода өкүлү Кэтрин Тай менен видео конференция аркылуу сүйлөштү.

1698619
Соода министри Муш АКШнын соода өкүлү менен сүйлөштү

Соода министри Мехмет Муш Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) соода өкүлү Кэтрин Тай менен видео конференция аркылуу сүйлөштү.

Соода министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 25-августта болгон сүйлөшүүдө Түркия-АКШ карым-катнаштарынын стратегиялык багытына басым жасалды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, жакын өнөктөштөр катары соода максатын алда канча жогорулатуу керек экендиги боюнча макулдашылды жана эки тараптын көптөгөн тармактарда, өзгөчө рынокко кирүүдө бири-биринен күткөн нерселери бар экени айтылды.

Ушул алкакта министр Муш биргелешкен жумушчу топ түзүүнү сунуштады жана АКШнын соода өкүлү Тайды Түркияга чакырды.

Тай да G-20, OECD жана Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алкагында Түркия менен кызматташуунун маанилүү багыттары бар экенин белгилеп, бул аянтчаларда Түркия менен көптөгөн темаларда кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар