Анталья 7 айда 3 миллион 396 миң туристти кабыл алды

Анталья дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтерди тосуп алууда.

1688727
Анталья 7 айда 3 миллион 396 миң туристти кабыл алды

Дүйнөнүн маанилүү туризм борборлорунун бири болгон жана коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда сапаттуу жана коопсуз туризмдин дарегине айланган Анталья 7 айда 3 миллион 396 миң туристти кабыл алды.

Деңизи, куму, күнү, люкс мейманканалары, коктулары, тарыхый шаарлары жана туристтик жерлери менен белгилүү болгон Анталья, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтерди тосуп алууда.

Маданият жана туризм министрлигинин координациясы менен Ковид-19 пандемиясы учурунда башталган "Коопсуз туризмди тастыктоо программасынын" алкагында сапаттуу жана коопсуз эс алуунун дарегине айланган шаар кабыл алган туристтердин саны боюнча "туризмдин борбору" деп аталат.

Антальянын туристтик аймактарында эс алууну аяктаган туристтер сапаттуу жана коопсуз түрдө өз өлкөсүнө кайтуудан ырахат алышууда.

Мейманканалардагы адамдардын саны былтыркыга караганда бир топ жогору болгону сектордун өкүлдөрүн кубандырды.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 1 -январынан 31 -июлуна чейин 760 миң 203 турист барган Антальяга быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 3 миллион 396 миң 7 турист келды.

1 миллион 127 миң 716 турист менен шаарга эң көп конок жөнөткөн өлкө Орусия болду.

Орусиядан кийин 670 миң 930 конок менен Украина, 389 миң 405 турист менен Германия, 175 миң 570 конок менен Польша жана 98 миң 683 турист менен Казакстан ээледи.



Тектеш кабарлар