Түркиянын кургатылган өрүк экспорту

АКШ кургатылган өрүк эң көп экспорттолгон өлкө болду.

1688106
Түркиянын кургатылган өрүк экспорту

«Дүйнөлүк өрүктүн  борбор шаары» деп аталган Малатиядан 87 121 тонна кургатылган өрүк  экспорттолду.

Малатия соода биржасынын маалыматтарына караганда Европа Биримдигинен катталган географиялык көрсөткүчтүү деп тастыкталган «Малатия өрүгүндө» 2022 -  жылдын  1 -  августунан 2021 -  жылдын 31 -  июлун камтыган сезондо 87  121 тонна экспорт жасалып, 291  миллион 749 000 доллар киреше алынды.

АКШ кургатылган өрүк эң көп экспорттолгон өлкө болду. АКШга 45 миллион 864 000 долларлык 13 167  тонна өрүк экспорттолду.

АКШдан кийин 28 миллион 654 000 долларлык экспорт менен Германия, 25 миллион 837 000 доллар менен Франция келди.

Малатия соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан өткөн сезондо дүйнөдөгү Ковид-19 эпидемиясына карабастан өрүк экспортунун улантылганын белгилеп, өрүктү 115 өлкөгө саткан экспортчуларга ыраазычылык билдирди.

Жаңы базарларды издөөнүн улантылып жатканын эске салган Өзжан, Ковид-19 чектөөлөрү жоюлган сайын дүйнөдөгү маанилүү жарманкелерге катышып, жаңы базарларды издей тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар