Түркиянын велосипед экспорту 6 айлык мезгилде 88 пайызга өстү

Түркиядан 92 өлкөгө велосипед экспорттолууда.

1683131
Түркиянын велосипед экспорту  6 айлык мезгилде 88 пайызга өстү

Түркиянын велосипед экспорту ушул жылдын 6 айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 88 пайызга өсүп 70 миллион долларга чыкты.

Түрк велосипеддерине өзгөчө Европа өлкөлөрүнөн талап болууда. Өткөн жылдын январь-июнь айларында 37,2 миллион доллар болгон велосипед экспорту, бул жылдын ушул эле мезгилинде 70 миллион долларга чейин жогорулады. Экспорттун өсүү катнашы 88 пайызды түздү.

 Түркиядан 92 өлкөгө велосипед экспорттолууда. Германия 10,2 миллион долларлык экспорт менен биринчи орунга чыкты. Финляндия 9,8 миллион доллар менен, Франция 9,3 миллион доллар менен кийинки орунда.



Тектеш кабарлар