Варанк: «Түркиянын экономикасы эчинчи чейректе дагы чоң өсүшкө ээ болот»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Эдирнедеги билдирүүсүндө Түркиянын экономикасына баа берди.

1669542
Варанк: «Түркиянын экономикасы эчинчи чейректе дагы чоң өсүшкө ээ болот»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, алдыңкы көрсөткүчтөр 2021-жылдын экинчи чейрегинде түрк экономикасында бир кыйла жогору өсүшкө ээ экендигин билдирди.

Мустафа Варанк, Эдирнедеги билдирүүсүндө, Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында ден-соолук менен экономиканын ортосунда жакшы тең салмактуулукту орнотуп, натыйжалуу саясат жүргүзгөнүн белгилеп, «Ушундай жол менен, дүйнөлүк экономика олуттуу кыскарууларды баштан кечирип жаткан кезде, түрк экономикасы жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы болгон жылы дагы өсө алды. 2021-жылдын биринчи чейрегин карасак, биз олуттуу Өсүштүн көрсөткүчү 7 пайызды түздү. Алдыңкы көрсөткүчтөр 2021-жылдын экинчи чейрегинде кыйла жогору. Бул өсүш болоорун көрсөтүп турат»,-деди.

Варанк: «Июнь айында биздин экспорттун көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 47 пайызга көбөйүп, 19,8 миллиард долларга жетти. Жалпы экспортубуз жылдын 6 айында 40 пайыздык өсүш менен 105 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүчтөр республиканын тарыхындагы эң жогорку экспорт катары катталды»,-деди.

Дагы бир жагымдуу маселе, жогорку жана орто жогорку технология продукцияларынын экспортунун көбөйүшү экендигин белгилеген министр Варанк, «Май айында ушул эки товардык топто 60 пайызга чейин өсүш болду, бул экономиканын пайдалуу жана кошумча наркка келтирилгендигинин көрсөткүчү»,деген сөз айкаштарын колдонгон.

 

 



Тектеш кабарлар