Кытайдан Түркияга 5 миллион доза CoronaVac вакцинасы келди

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө CoronaVac вакцинасынын жаңы партиясы ташылып бүткөнү айтылды.

1661311
Кытайдан Түркияга 5 миллион доза CoronaVac вакцинасы келди

Кытайдын Синовак компаниясы тарабынан жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан  дагы 5 миллион доза CoronaVac вакцинасы Түркияга келди.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө CoronaVac вакцинасынын жаңы партиясы ташылып бүткөнү айтылып, Кытайдан Түрк аба жолдорунун жүк ташуучу учагы менен түн ичинде учуп кеткен 5 миллион доза вакцинанын Стамбулга эртең менен саат 06: 00дө келгендиги маалымдалды.

Билдирүүдө: «Өткөн жумада жөнөтүлгөндөн кийин, 3 миллион доза CoronaVac вакцинасы Түркияга жеткирилген. Жаңы 5 миллион доза ташылып келиши менен акыркы 10 күндө Синовак вакцинасы жалпы 8 миллион дозасы Түркияга жетти. Вакциналар иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин колдонууга сунушталат»,делди.



Тектеш кабарлар