Түркия электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоп жатат

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри билдирүү жасады.

1660832
Түркия электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоп жатат

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айланганын билдирди.

Дөнмез Синоптун Герзе районунда жасаган билдирүүсүндө, Түркиянын таза энергия булактары боюнча Европада 5-орунда тургандыгын белгилеп: «Биз өндүргөн электр энергиясынын дээрлик жарымын жаңыланып туруучу таза энергия булактарынан ички булактардан алабыз. Көптөгөн Европа өлкөлөрүнө караганда алдыдабыз. Таза энергетикалык ресурстар боюнча Европада 5-орунда жана дүйнөдө болсо 12-орунда турабыз. Өлкөбүздүн ички жана кайра жаралуучу энергия булактарына интенсивдүүлүгүн жогорулатуу менен энергияны импорттоону кыскартуу багытында тездик менен бара жатабыз», деди.

Министр Дөнмез Түркиянын көз карандысыз энергетикалык тутуму менен күчтүү позицияга келерин айтты.



Тектеш кабарлар