Түркиянын органикалык айыл - чарба өндүрүшү

Органикалык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн саны боюнча Түркия дүйнөдө 7-орунда, Европа Биримдигинде биринчи орунда турат.

1655639
Түркиянын органикалык айыл  - чарба өндүрүшү

Органикалык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн саны боюнча Түркия дүйнөдө 7-орунда, Европа Биримдигинде биринчи орунда турат.

Түркия 8 продукция менен баштаган органикалык дыйканчылык ишин өткөн жылга карата 235 өнүмгө көбөйтсө, Европа бул жаатта импорттолгон продукциянын 7 пайызын канааттандырды.

Мындан тышкары, Түркия 211 тонна менен Европа өлкөлөрүнө органикалык азыктарды экспорттогон 6-өлкө болду.

Өткөн жылы  Ковид-19 эпидемиясынын терс таасирлерине карабастан, 1,6 миллион тонна органикалык продукция өндүрүлгөн.

Түркияда көбүнчө кургатылган анжир, кургатылган өрүк, мейиз, буудай, зайтун, фундук, жаңгак, мисте, буурчак өсүмдүктөрү, дары жыпар жыттуу өсүмдүктөр, пахта, мөмө жемиштер жана жаңы мөмө-жемиштер органикалык дыйканчылык ыкмаларына ылайык өндүрүлөт. Кайра иштетилген продукциялардын ичинен ар кандай жемиш ширелери жана концентраттары, тоңдурулган мөмө-жемиштер жана зайтун майы алдыңкы орунду ээлейт.

Мындан тышкары, Түркия акыркы жылдары органикалык жаныбарларды өндүрүү жаатында ийгиликтерге жетишти. Бул аймакта эт, сүт, айран, сыр, жумуртка жана бал базарларда өз ордун ээлей баштады.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар