Кара деңиз лососу 39 өлкөгө экспорттолду

Россия, Германия жана Вьетнам экспорт жасалган 39 өлкөнүн арасында алдыңкы үчтө орун алды.

1654893
Кара деңиз лососу 39 өлкөгө экспорттолду

Түркиядан 2021 -  жылдын январь  -  май айларында Россия, Германия жана Вьетнам менен бирге 39 өлкөгө Кара деңиз лососу экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматтарына караганда, 5 ай ичинде 22 миң 728 тонна Кара деңиз лососу экспорттолуп 113 миллион 510 миң 943 доллар киреше алынды.

Россия, Германия жана Вьетнам экспорт жасалган 39 өлкөнүн арасында алдыңкы үчтө орун алды.

Бул мезгилде Россияга 14 миң 4 тонна Кара деңиз лососу сатылып, 68 миллион 289 366 доллар киреше алынды. Россиядан кийин 26 миллион 552 000 доллар менен Германия, 4 миллион 97 000 доллар менен Вьетнам келди.



Тектеш кабарлар