БТК темир жол линиясынан ташылган жүктөрдүн көлөмү

Транспорт жана инфраструктура министри маалымат берди.

1653775
БТК темир жол линиясынан ташылган жүктөрдүн көлөмү

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Азия менен Европаны байланыштырган Баку-Тбилиси-Карс (БТК) темир жол линиясынан бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 1 миллион тонна жүк ташылганын билдирди.

БТК Темир Жол линиясы жана Темир Жибек Жолу деп аталган Орто Коридор аркылуу ташылган транспорттун жогорулоо темпине ээ болгонун баса белгилеген Караисмаилоглу: «Линия пайдаланууга берилген күндөн бери 16 миң 279 вагондо 19 миң 646 контейнер менен 1 миллион 7 миң тонна жүк ташылды. Бул транспорттун 6 миң 814 вагондо 8 миң 377 контейнер менен 393 миң тоннасын экспорттук, 9 миң 465 вагондо 11 миң 269 контейнер менен 614 миң тоннасын болсо импорттук жүктөр түздү»,-деди.

БТК темир жол линиясынын дүйнөлүк логистикага багыт бергендигин айткан Караисмаилоглу төмөнкү маалыматтарды берди: «2020-жылдын январь-май айларында БТК линиясынан 3551 вагон менен 236 миң 52 тонна жүк ташылды. Ушул жылдын тийиштүү мезгилинде жүктөр 19 пайызга көбөйүп 4 миң 507 вагондо 280 миң 878 тоннага жетти. Грузия, Казакстан, Түркмөнстан, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Россия, Кыргызстан жана Тажикстанга экспорттук жүктөр дагы көбөйдү. Ушул жылдын биринчи 5 айында 64 миң 378 тонна жүк, анын ичинде 1160 вагон жана 1246 контейнер жеткирилди»,-деди.

Караисмаилоглу экспорттук жүктөрдө Казакстан, Түркмөнстан, Кытай жана Азербайжандын алдыңкы орунду ээлегенин белгилеп, 2020-жылдын 4-декабрынан бери Кытайга 7, Орусияга 1 экспорттук поездди жөнөткөндөрүн эске салды.



Тектеш кабарлар