Түркиянын кулпунай экспорту

Түркиянын кулпунайды экспорттоодон түшкөн кирешеси 41 миллион 642 000 долларга жетти.

1653276
Түркиянын кулпунай экспорту

Жылдын алгачкы 5 айында Түркиянын кулпунайды экспорттоодон түшкөн кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 135 пайызга өсүп, 41 миллион 642 000 долларга жетти.

Эгей экспорттоочулар ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, өткөн жылы Түркиядан 33 өлкөгө 24 миллион 590 000 доллар кулпунай экспорттолгон.

Быйыл эң көп кулпунай экспорттолгон өлкө былтыркыдай эле Россия болду.

Түркиянын бул жылдын 5 айында Россияга кулпунай экспорту 24 миллион 312 миң долларды түздү.

Россиядан кийин 8 миллион 318 000 доллар менен Румыния жана 5 миллион 520 000 доллар менен Ирак келди.

 

 



Тектеш кабарлар