Пакдемирли: «Биз ЕБ өлкөлөрүнүн арасында аквамаданият боюнча биринчи орунду ээледик»
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2020-жылы балык чарбачылыгынын өндүрүшү жана экспорту боюнча баа берди.
Өткөн жылы Түркиянын суу чарбачылыгынын экспорту 1 миллиард 63 миллион долларга жетти.
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2020-жылы балык чарбачылыгынын өндүрүшү жана экспорту боюнча баа берди.
2020-жылы балык азыктарын өндүрүү 785 миң тонна болгонун айткан Пакдемирли, бул өндүрүштүн 364 миң тоннасы аңчылык менен, 421 миң тоннасы балык өстүрүүчүлүк менен алынгандыгы жөнүндө маалымат бөлүштү.
Пакдемирли, 2020-жылы дагы суу чарбачылыгы өсө бергендигин жана ушул алкакта чипура, леврек, форель жана түрк лососунун өндүрүшүнүн көлөмү кыйла көбөйгөнүн айтты.
Пакдемирли: «Биз Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн арасында аквамаданият боюнча биринчи орунду ээледик. Дүйнөдө чокуга чыгууну улантуудабыз»,-деди.
Пакдемирли жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын алып келген бардык терс көрүнүштөрүнө карабастан, 2020-жылы балык өнүмдөрүнүн экспорту өткөн жылдан ашып 1 миллиард 63 миллион долларга жеткенин айтты.
Пакдемирли өткөн жылы 100гө жакын өлкөгө экспорттолгонун жана жалпы экспорттун үчтөн экиси ЕБ өлкөлөрүнө жасалгандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.