Түркия фундук экспортунан 9 айда 1,6 миллиард долларлык киреше тапты
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясы жазуу түрүндө маалымат берди.
1650505
Түркия 2020-жылдын 1-сентябрында башталган фундук экспорт сезонунун 9 айында тышкы сатуудан болжол менен 1,6 миллиард долларлык киреше тапты.
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркия 2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 31-майына чейин 231 миң 995 тонна фундукту ар кайсы өлкөлөргө сатып, андан 1 миллиард 619 миллион 333 миң 250 долларлык киреше тапты.