Май айында экспорттун көлөмү өстү

Министр Муш, май айындагы тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1650301
Май айында экспорттун көлөмү өстү

Соода министри Мехмет Муш, Түркиянын май айындагы экспорту өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 65,5 пайыздык өсүү менен 16,5 миллиард долларды түзгөнүн айтты.

«Бул көрсөткүч май айы үчүн экспорттун эң жогорку наркы боюнча экинчи орунда турат», - деди.

Министр Муш, Түркиянын Экспортчулар Ассамблеясы (TIM) менен Министрликтин жыйындар залында өткөргөн маалымат жыйында май айындагы тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Ушул жылдын алгачкы 4 айында экспорттогу күчтүү көрсөткүчтөрдүн май айында дагы улантылгандыгын белгилеген Муш: «Экспортубуз май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 65,5 пайызга көбөйүп 16,5 миллиард долларга жетти. Ушул нарк менен биз бардык жылдардагы май айынын эң жогорку экспорттук наркына жетиштик»,- деп айтты.

Муш, ушундайча биринчи 5 айда экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштү мезгилине салыштырмалуу 38,3 пайыздык өсүү менен 85,2 миллиард долларга жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар