Автомобиль рыногу 5 айда 72 пайызга өстү

Жалпы рынокто май айында 54 миң 734 унаа сатылды.

1650320
Автомобиль рыногу 5 айда  72 пайызга өстү

Түркиянын автомобиль жана жеңил соода унаалары рыногу 2021-жылдын январь-май айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 72 пайызга өстү.

Автомобилдик дистрибьюторлор ассоциациясынын (ODD) билдирүүсүнө караганда, Түркиядагы автомобиль жана жеңил соода унааларынын сатылышы январь-май мезгилинде жылдык  72 пайызга өсүп 314 миң 882ге жетти. Жалпы рынокто өткөн жылдын 5 айында 183 миң 95 даана сатылган болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу унаа сатуу 69,2 пайызга өсүп 247 миң 977, жеңил соода унааларынын соодасы болсо 83 пайызга көбөйүп 66 миң 905ке жетти.

Жалпы рынокто май айында 54 миң 734 унаа сатылды. 2020-жылдын май айында 32 миң 235 болгон көрсөткүч, автомобиль жана жеңил соода унаалары рыногунун 69,8 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Сатуулар май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу автомобилде 72,1 пайызга көбөйүп 43 миң 138ге, ал эми жеңил соода унааларында 61,9 пайызга көбөйүп 11 миң 596га жетти.



Тектеш кабарлар