Түркия 4 айда 88 миллион долларлык туздалган азыктарды экспорттоду

Туздалган азыктардын экспорту боюнча Германия 23 миллион 786 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.

1639763
Түркия 4 айда 88 миллион долларлык туздалган азыктарды экспорттоду

Түркияда туздалган азыктардын экспорту январь-апрель айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга жогорулап 88 миллион 533 миң долларга жетти.

Эгей Экспортчулар Бирикмесинин маалыматтарына караганда, Түркиянын 2020-жылы туздалган жашылча экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 23 пайызга көбөйүп 225 миллиондон 277 миллион долларга жетти.

Бул көрсөткүч Республиканын тарыхындагы эң жогорку экспорттук көрсөткүч катары катталды.

Туздалган азыктардын экспорту боюнча Германия 23 миллион 786 миң доллар менен биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 13 миллион 953 миң доллар менен Нидерландия жана 9 миллион 845 миң доллар менен АКШ турат.



Тектеш кабарлар