Түркияда апрель айында 95 миң 863 үй сатылды

Түркиянын статистикалык мекемеси, апрель айына карата турак жай сатуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1638368
Түркияда апрель айында 95 миң 863 үй сатылды

Түркияда өткөн айда 95 миң 863 үй сатылды.

Апрель айында сатылган үйлөрдүн саны март айына салыштырмалуу 13,82 пайызга азайса, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 124,1 пайызга көбөйдү.

Түркиянын Статистикалык мекемеси (TUIK) апрель айына карата турак жай сатуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык, Түркиянын жалпысында сатылган үйлөрдүн саны апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 124,1 пайызга көбөйүп 95 миң 863 болду.

Апрель айында сатылган турак жайлардын саны март айына салыштырмалуу 13,82 пайызга азайды. Март айында 111 миң 241 үй сатылган.

19 миң 260 турак жай саткан Стамбул 20,1 пайыз менен эң жогорку үлүшкө ээ болгон облус болду. Бул облустан кийин 9 миң 126 үй (9,5 пайыздык үлүш) менен Анкара, 5 миң 505 үй (5,7 пайыздык үлүш) менен Измир ээледи.


Этикеткалар: #турак жай сатуу

Тектеш кабарлар