Түрк аба жолдору (THY) Европада 504 каттамды ишке ашырып алдыңкы орунду ээледи

Европалык Аэронавигация коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) учуу кыймылынын отчету жарыяланды.

1636974
Түрк аба жолдору (THY) Европада 504 каттамды ишке ашырып алдыңкы орунду ээледи

Түрк аба жолдору (THY) 6-майда күнүнө орто эсеп менен 504 каттамды ишке ашырып Европада алдыңкы орунду ээледи.

Европалык Аэронавигация коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) учуу кыймылынын отчетуна ылайык, THY бул күндө орто эсеп менен күнүнө 504 каттамды ишке ашырып европалык атаандаштарынан ашып түштү.

Air France THYден кийин 392 каттамды ишке ашырды.

Үчүнчү орунда 377 каттам менен Lufthansa, 4-орунда 344 рейс менен Wideroe, 5-орунда 304 рейс менен KLM жана 6-да 293 рейс менен DHL Express болгон.



Тектеш кабарлар