Түркия менен Швециянын ортосундагы JETCO протоколу

Былтыр пандемиялык шарттарга карабастан, Швеция менен соода көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу өсүп 3,1 миллиард долларга жетти.

1634591
Түркия менен Швециянын ортосундагы JETCO протоколу

Соода министри Мехмет Муш менен Швециянын тышкы соода жана Скандинавия мамилелери министри Анна Халлбергдин ортосунда Түркия-Швециянын биргелешкен экономикалык жана соода комиссиясынын (JETCO) Биринчи мөөнөттөгү жыйыны жөнүндө протоколго кол коюлду.

Видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн жыйында, эки өлкөнүн ортосундагы соода карым-катнаштарынан тышкары Бажы биримдиги келишиминин жаңыланышы жана Европа жашыл меморандуму, ошондой эле Европа Биримдиги (ЕБ) менен болгон мамилелер талкууланды.

Жыйында коронавирус (Kovid-19) пандемиясынын кесепеттери, өз ара инвестициялар жана подряддык кызматтар, үчүнчү өлкөлөрдө кызматташуу жана биргелешкен долбоорлор да каралып чыкты.

Мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы өнөр жай жана технология тармагындагы кызматташтык, жаңылануучу энергия жана аялдар ишкердүүлүгү сыяктуу көптөгөн ар башка тармактарга байланышкан темалар сүйлөшүлдү.

Былтыр пандемиялык шарттарга карабастан, Швеция менен соода көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу өсүп 3,1 миллиард долларга жетти.



Тектеш кабарлар