Түркияга биринчи 3 айда келген зыяратчылардын саны

Биринчи 3 айда туризмден 2 миллиард 452 миллион 213 миң доллар киреше түштү.

1631427
Түркияга биринчи 3 айда келген зыяратчылардын саны

Түркия ушул жылдын биринчи 3 айында 2 миллион 689 миң зыяратчыны кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, келгендердин 1 миллион 953 миң 86сы чет өлкөлүк коноктор, 736 миң 900ү болсо чет өлкөлөрдө жашаган жарандар болду.

Биринчи 3 айда туризмден 2 миллиард 452 миллион 213 миң доллар киреше түштү.

Бул мезгилде Түркияга эң көп зыяратчы жиберген өлкө 395 миң 915 киши менен Россия Федерациясы болду. Бул өлкөдөн кийин 152 миң 923 зыяратчы менен Иран жана 130 миң 897 зыяратчы менен Германия ээледи. Андан соң Болгария жана Украина турат.

Маданият жана туризм министрлигинин чек арадан кирүү жана чыгуу статистикасына ылайык, Түркияга март айында 905 миң 323 чет элдик конок келди. Түркиянын туризм тармагында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 26,07 пайыздык өсүү болду.

Март айында эң көп зыяратчы жиберген өлкөлөрдүн ичинен 219 миң 458 зыяратчы менен Россия Федерациясы биринчи орунду ээледи. Иран 71 миң 517 зыяратчы менен экинчи орунда турат. Ал эми Германия 70 миң 969 зыяратчы менен үчүнчү орунду ээледи. Андан соң Украина жана Болгария бар.



Тектеш кабарлар