Соода министри Мехмет Муш билдирүү жасады

Мехмет Муш: «Биздин бирден-бир максатыбыз 84 миллион элдин жыргалчылыгын жогорулатуу»

1625603
Соода министри Мехмет Муш билдирүү жасады

Соода министри Мехмет Муш бирден-бир максаттарынын 84 миллион түрк калкынын жыргалчылыгын жогорулатуу экендигин айтты.

Соода министри болуп дайындалган Мехмет Муш, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйынына катышар алдында биринчи билдирүүсүн журналисттерге жасады.

Муш анын дайындала тургандыгы тууралуу маалыматты президент Режеп Таййип Эрдоган жеке өзү билдиргенин айтты.

Мехмет Муш биринчи билдирүүсүндө: «Түркиянын экспортун көбөйтүү жана экономикалык көлөмүн, гүлдөп-өнүгүүнүн деңгээлин көтөрүү үчүн колдон келген бардык нерсени жасоого аракет кылабыз. Биздин бирден-бир максатыбыз 84 миллион элдин жыргалчылыгын жогорулатуу»,-деди.



Тектеш кабарлар