Буурчак өсүмдүктөрүнүн экспорту

Буурчак өсүмдүктөрү, вируска каршы иммундук системаны жогорулатуучу жана вирустун көбөйүшүнө жол бербеген пребиотикалык касиети менен өтө пайдалуу азык болуп саналат.

1623090
Буурчак өсүмдүктөрүнүн экспорту

Түркиянын буурчак өсүмдүктөрүнүн экспорту акыркы 3 жылда 1 миллиард долларга жакындады.

Буурчак өсүмдүктөрү боюнча Улуттук Кеңештин төрагасы Абдуллах Өздемир, Түркиянын акыркы үч жылда 973 миллион долларлык тышкы сатуу менен таза экспорттоочуга айланганын айтты.

Өздемир, буурчак өсүмдүктөрүнүн витаминдерге бай экендигин баса белгилеп: «Буурчак өсүмдүктөрү АКШ жана Канадада болгону сыяктуу Түркияда дагы өзгөчө өнүм статусуна киргизилди. Буурчак өсүмдүктөрү, вируска каршы иммундук системаны жогорулатуучу жана вирустун көбөйүшүнө жол бербеген пребиотикалык касиети менен өтө пайдалуу азык»,-деди.

Сектордогу ийгиликтүү иш-аракеттердин негизинде буурчак өсүмдүктөрүнө кызыгуунун жогорулагандыгын билдирген Өздемир, көбүнчө Ирак, Судан жана Германияга экспорттолгонун түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар