Өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү

Өнөр жай өндүрүш индекси февраль айында айлык базада 0, 1, жылдык базада 8, 8 балддык жогорулады.

1620342
Өнөр жай өндүрүшүндөгү өсүү

Өнөр жай өндүрүш индекси февраль айында айлык базада 0, 1, жылдык базада 8, 8 баллга жогорулады.

Түркия Статистика мекемеси февраль айы тууралуу өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

Ушуга караганда февраль айында календардык такталган өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү. Түзөтүлбөгөн өнөр жай өндүрүш индексинде да жылдык базада 5,71 пайыздык өсүү болду.

Өнөр жайдын кичи тармактары иликтенгенде февраль айында тоо-кен  жана карьер казуу секторунун индекси 15,9 пайызга, ал эми кайра иштетүү өнөр жайынын индекси 9,3 пайызга жогорулаган.

Мезгилдик жана календардык таасирден тазаланган өнөр жай өндүрүшү болсо февраль айында январь айына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады.

Бир тараптан өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк твиттерден берген маалыматында февраль айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин маалыматтары тууралуу билдирди. Варанк  : «Өнөр жай өндүрүшүндө  өсүү улантылууда. Февраль айында жылдык өнөр жай өндүрүшүн эң көп арттырган Г – 20 өлкөлөрүнүн бири болдук»,- деди.



Тектеш кабарлар