Бодрум аэропортуна биринчи турист группасы Россиядан келди

Учактан түшкөн туристтер керектүү бажы иштеринен кийин эс ала турган Бодрум районуна барышты.

1619604
Бодрум аэропортуна биринчи турист группасы Россиядан келди

Мугладагы Бодрум аэропортуна жылдын биринчи турист группасы Россиядан келди. Россиянын борбор шаары Москвадан 212 жүргүнчү менен учкан Азур аба жолуна таандык учак кечээ Милас-Бодрум аэропортуна конду.

Учактан түшкөн туристтер керектүү бажы иштеринен кийин эс ала турган Бодрум районуна барышты.

TAV Милас-Бодрум башкы директору Ижлал Каяоглу журналисттерге берген билдирүүсүндө сезондун биринчи тышкы каттамын тосуп алуудан кубанычтуу экендерин айтты.

Эпидемияга карата көрүлгөн чаралардын негизинде кызмат кылышкандарын белгилеген Каяоглу бул сезондо тышкы каттамдарда өткөн жылга караганда өсүүнүн болушун күтүп жатышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар