Кануни Султан Сүлеймандын портрети 350 миң фунт стерлингге сатылды

Азырынча сатып алуучунун же мекеменин аты-жөнү билдириле элек.

1612168
Кануни Султан Сүлеймандын портрети 350 миң фунт стерлингге сатылды

Британияда Sotheby's аукцион үйү өткөргөн аукциондо Осмон падышасы Кануни Султан Сүлеймандын портрети 350 миң фунт стерлингге (4 миллион лирага) сатылды.

Sotheby'sтин онлайн жана телефон аркылуу өткөргөн аукциону жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да (Түркия убактысы боюнча 12:30да) башталды.

"Ислам дүйнөсү жана Индия искусствосу" деп аталган 183 чыгармадан турган коллекциянын 58-катарындагы Канунинин портрети 60 миң фунт стерлингге (691 000 лирага) сатыкка коюлган.

Сунуштар менен баасы жогорулаган портрет 350 миң фунт стерлингге (4 миллион лирага) сатылды.

Азырынча сатып алуучунун же мекеменин аты-жөнү билдириле элек.

Сатып алуучу, салык менен бирге 438 миң фунт стерлинг (болжол менен 5 миллион лира) төлөйт.

Канунин Султан Сүлеймандын кызы Михримах Султандын 17-кылымда тартылган портрети болсо 60 миң фунт стерлингге (691 миң лирага) сатылды.



Тектеш кабарлар