Fitch Ratings Түркияга карата өсүү божомолун көтөрдү
Акыркы отчетто Түркиянын Кытай менен биргеликте өскөн экономикалардын катарында экени белгиленди.
Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratings Түркияга карата 2021- 2022-жылдардагы өсүү божомолун көтөрдү.
Fitch Ratings, «Дүйнөлүк экономикалык көз караш» отчетунда, Түркиянын 2021-жылы 6,7 пайызга, ал эми 2022-жылы 4,7 пайызга өсүшүн күтүп жатканын билдирди.
Fitch Ratings 2020-жылдын декабрында жарыяланган мурунку отчетунда болсо өлкөнүн 2021-жылы 3,5 пайызга, 2022-жылы 4,5 пайызга өсүшү күтүлүп жаткандыгын билдирген болчу.
Акыркы отчетто Түркиянын Кытай менен биргеликте өскөн экономикалардын катарында экени белгиленди.
Күчтүү каржылык колдоо жана насыялардын 2020-жылы Түркиянын экономикасын бекемдегендиги баса белгиленген отчетто, Түркияда инфляциянын 2021-жылдын акырында 11,5 пайызга, 2022-жылдын акырында болсо 9,2 пайыздык деңгээлге төмөндөшү күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.