Эрсой: «Туристтерди кабыл алууда ал өлкөдөгү оорулардын саны жана эмдөө программасы эске алынат»

Эрсой BBC ONE телеканалынын түз эфирине катышып алдыдагы туризм сезону жөнүндө билдирүүлөрдү жасады.

1601566
Эрсой: «Туристтерди кабыл алууда ал өлкөдөгү оорулардын саны жана эмдөө программасы эске алынат»

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түркияга туристтерди кабыл алууда өз өлкөлөрүндөгү адамдардын күнүмдүк ооруларынын саны жана эмдөө программасы эске алынарын билдирди.

Эрсой BBC ONE телеканалынын түз эфирине катышып алдыдагы туризм сезону жөнүндө билдирүүлөрдү жасады.

Түркияга 15-апрелге чейин кирүүнү каалаган адамдардан терс ПЦР тести талап кылына турганын айткан Эрсой, бул процедуранын 15-апрелден кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кайрадан бааланарын жарыялады.

Эрсой: «Биз 15-апрелден кийин оорулардын санын карайбыз. Эгерде оорулардын саны азайса, анда биз былтыркы тажрыйбабыз сыяктуу терс ПЦР анализдерин ал өлкөлөрдүн адамдарынан сурабайбыз»,-деди.

Вакцинация программасынын Улуу Британияда тез жана натыйжалуу жүргүзүлүп жаткандыгын жана оорулардын саны азайып жаткандыгын баса белгилеген Эрсой, эгер ушул тенденция улана берсе, 15-апрелден кийин Улуу Британиянын жарандарынан тест суралбашынын ыктымалдыгын айтты.

Эрсой, Түркияда да эмдөө программасынын башталганын, буга чейин 11 миллиондон ашуун адам эмделгендигин жана апрель айынын аягына чейин 50-60 миллион кишини эмдөө максаттары болгонун белгилеп, ушундайча жалпы өлкөдө жуктурган учурлар төмөндөй турганын маалымдады.

Министр Эрсой, туристтер келген өлкөлөрүндө оорулар төмөн болгондо жана эмдөө программаларнда жакшы жылыштар болгон учурунда Түркияга келген туристтердин да коопсуз боло турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар