Түштүк-Чыгыш экспортунун үчтөн бири Жакынкы Чыгышка

Жакынкы Чыгыштан кийин 19,5 пайыздык үлүш менен Европа Биримдиги өлкөлөрү, 15,5 пайыздык үлүш менен Америка өлкөлөрү ээлешти.

1597952
Түштүк-Чыгыш экспортунун үчтөн бири Жакынкы Чыгышка

Ушул жылдын январь-февраль айларында Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагы 178 өлкөгө 1 миллиард 629 миллион 723 миң долларлык экспорт жасаган болсо, анын болжол менен үчтөн бири Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө болду.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар ассоциациясынан (GAİB) алынган маалыматтарга караганда, февраль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 17 пайыздык өсүү менен 838 миллион 953 миң долларлык экспорту ишке ашырган Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагы, январь-февраль айларында болсо жылдык негизде 14,1 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 629 млн 723 миң долларлык экспорт жасады.

Аймактагы рыноктор боюнча Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жаңы жылда дагы лидерлигин сактады.

Бул мезгилде аймактагы экспорттун 36,8 пайызы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө багытталды.

Жакынкы Чыгыштан кийин 19,5 пайыздык үлүш менен Европа Биримдиги өлкөлөрү, 15,5 пайыздык үлүш менен Америка өлкөлөрү ээлешти.

Январь-февраль айларында 178 өлкөгө өнүм саткан аймактын экспортчулары эң көп товар жиберген өлкөлөр Ирак, Америка Кошмо Штаттары, Сирия, Англия, Италия, Германия, Иран, Израиль, Египет жана Ливия болду.



Тектеш кабарлар