Түркиянын булгаары өнөр жайынан 129 миллион долларлык экспорт

Түркия булгаарыдан жасалган буюм-кийимдерди көбүнчө Россияга сатты.

1595722
Түркиянын булгаары өнөр жайынан 129 миллион долларлык экспорт

Түркияда булгаары жана булгаарыдан жасалган буюм-кийимдердин секторунда февраль айында 129 миллион 641 миң долларлык экспорт жасалды.

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, чет өлкөгө сатуунун 85 миллион 550 миң доллары Стамбулдан ишке ашса, бул көрсөткүч булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдардын жалпы экспортунун 66 пайызы менен дал келди.

Бул сектор тарабынан эң көп экспорт жасалган өлкө Россия болду.

Россиядан кийин 9 миллион 436 миң доллар менен Германия жана 7 миллион 361 миң доллар менен Италия ээледи.

Африка өлкөлөрүнө өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жалпысынан 14 пайыз, Азия менен Океания аймагына болсо 10 пайыздык өсүү болду.

Франция жана Нидерландия сыяктуу сатып алуу күчү жогору өлкөлөргө экспорт да Ковид-19 пандемиясына карабастан көбөйдү.



Тектеш кабарлар