Түркияда кургатылган инжирдин экспорту өстү
2020-жылдын 30-сентябрында башталган экспорттук сезондо 2021-жылдын 27-февралына чейин 43 миң 415 тонналык инжир 158 миллион долларга сатылды.
1595249
Түркияда кургатылган инжирдин экспорту сезондун башынан бери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга өсүп 158 миллион долларга жетти.
Эгей экспортчулар бирикмесинин билдирүүсүнө караганда, кургатылган инжирде 2020-жылдын 30-сентябрында башталган экспорттук сезондо 2021-жылдын 27-февралына чейин 43 миң 415 тонналык азык 158 миллион долларга сатылды.
Өткөн сезондун тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү нарктык негизде 2 пайызга көбөйүп Германия, Франция жана АКШ кургатылган инжир соодасында алдыңкы үч орунду ээлешти.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.