«Россиянын Давосу» деп мүнөздөлгөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму 2-5-июнда өтөт

Президент Владимир Путиндин кеңешчиси жана Санкт-Петербург Эл аралык Экономикалык форумунун (SPIEF) аткаруучу катчысы Антон Кобяков иш-чарага баа берди.

1594524
«Россиянын Давосу» деп мүнөздөлгөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму 2-5-июнда өтөт

«Россиянын Давосу» деп мүнөздөлгөн жана өлкөнүн эң маанилүү эл аралык иш-чарасы деп эсептелген Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму (SPIEF) ушул жылдын 2-5-июнь күндөрү өтөт.

Президент Владимир Путиндин кеңешчиси жана Санкт-Петербург Эл аралык Экономикалык форумунун (SPIEF) аткаруучу катчысы Антон Кобяков өткөн жылы коронавирустун (Сovid-19) жаңы чыккан түрүнө байланыштуу жокко чыгарылган иш-чарага баа берди.

Адистердин айтымына караганда, Россия жана дүйнө эпидемиядан кийинки бурулуш мезгилде экендигин белгилеген Кобяков: «Вакцинация жана үйүрдүк иммунитетинин процесстерин эске алганда, ушул жылдын 2-5-июнь аралыгында SPIEFди уюштурууга болот деп ойлойбуз»,-деди.

Путин да жыл сайын катышкан жана орусиялык «Росконгресс» уюму уюштурган SPIEF, 1997-жылдан бери уюштурулуп келет.

2019-жылы өткөрүлгөн форумга 145 мамлекеттен 19 миң адам катышса, иш-чаранын алкагында жалпы наркы 3 триллион рубль болгон ар кандай келишимдерге кол коюлган.



Тектеш кабарлар