Түркиянын өсүш көрсөткүчтөрү
Варанк Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын Статистикалык мекемеси тарабынан жарыяланган 2020-жылдын жана 4-чейректин өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берди.
Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, 2020-жылдын 4-чейрегинде машиналардын жана жабдуулардын инвестицияларындагы 38,7 пайыздык өсүүнүн, бул өндүрүш тармагындагы өсүштүн улана тургандыгынын көрсөткүчү экенин билдирди.
Варанк Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын Статистикалык мекемеси тарабынан жарыяланган 2020-жылдын жана 4-чейректин өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берди.
Түркиянын өндүрүш өнөр жайынын жетекчилиги астында өсүшүн уланткандыгын баса белгилеген Варанк: «Өндүрүш өнөр жайы 2020-жылдын 4-чейрегинде 10,5 пайыздык өсүү менен Ички дүң өнүмгө (ИДП) эң көп салым кошкон тармак болду. Эң жакшы жери болсо өндүрүштөгү өсүштүн жумуш менен камсыз кылууга да чагылуусу. Социалдык камсыздоо мекемесинде катталган өндүрүш тармагында жумуш менен камсыз кылуу 325 миңге өсүп 2020-жылдын декабрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8,6 пайызга көбөйүү менен 4 миллион 99 миң адамга жетти»,-деди.
Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде машиналардын жана жабдуулардын инвестицияларындагы 38,7 пайыздык өсүүгө көңүл бурган Варанк: «Бул абал, өндүрүш тармагынын келээрки мезгилде өсүшүн уланта тургандыгынын көрсөткүчү. Шыктандыруу жана колдоолорубуздун натыйжаларын көрүү бизди кубандырууда»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.