Пекжан: «Биздин стратегиялык максат ЕБне толук мүчөлүк экендигин баса белгилейбиз»
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Пекжан видео конференция аркылуу Европа Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий менен жолукту.

Соода министри Рухсар Пекжан ар бир мүмкүнчүлүктө стратегиялык максаттарынын Европа Биримдигине (ЕБ) толук кандуу мүчөлүк экендигин баса белгилеп: «Биз ЕБ менен болгон мамилебизге ушундай түшүнүк менен мамиле кылабыз»,-деп айтты.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Пекжан видео конференция аркылуу Европа Комиссиясынын коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен ЕБнин ортосундагы эки тараптуу соода мамилелери жана кызматташтыктын эки тараптуу пайда табуу жана түшүнүшүүнүн негизинде өнүктүрүлүшүнө карата алдыңкы күн тартип темалары талкууланды.
Пекжан, Түркиянын Европа Биримдигине талапкер өлкө жана Бажы биримдигинин өнөктөшү катары Европа Биримдиги менен карым-катнаштарына чоң маани бергендигин баса белгилеп, Түркиянын эмитеден эле ЕБ менен өнүккөн деңгээлде интеграциялашууну ишке ашыргандыгын белгиледи.
Пекжан: «Биз ар бир мүмкүнчүлүктө биздин стратегиялык максатыбыз ЕБне толук кандуу мүчө болуу экендигин баса белгилейбиз. ЕБ менен болгон мамилебизге ушундай түшүнүктө мамиле жасайбыз»,-деп айтты.
Министр Пекжан, Европа Биримдиги-Түркия карым-катнаштарынын оң күн тартиби үчүн мүмкүнчүлүктөрү болгонун, бул үчүн иштөөгө даяр экендиктерин айтты.
Түркиянын ЕБ менен карым-катнаштагы эң маанилүү жана акыркы максаты толук мүчөлүк экендигин баса белгилеген Пекжан, ушул максатта Бажы биримдигинде түзүлө турган Түркия-ЕБ карым-катнаштары оң күн тартибинин негизги элементтеринин бири жаңыланууда экендигин айтты.
Оливер Вархелий ошондой эле Бажы биримдигинин жаңылануусу эки тарап үчүн оң натыйжаларды берерин ырастады жана бул маселе Комиссия тарабынан Европа Биримдиги Кеңешинин чечимине киргизилгенин эске салды.
Вархелий: «ЕБ катары биз позитивдүү күн тартибине умтулабыз жана ушул күн тартиби боюнча эки тараптын тең биргелешкен жана конструктивдүү иштерин улантуусу пайдалуу деп эсептейбиз»,деген баасын берди.
Жыйналыштын аягында Пекжан жана Вархелий, кийинки мезгилде Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын жана диалогдун сакталышын каалашты.
Тектеш кабарлар

Түрк чайынын экспорту
Жылдын биринчи айында 57 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга чай экспорттолду.

Министр Ибрахим Юмаклы суу продукцияларынын экспорту тууралуу маалымат берди
Министр Юмакл, суу продукциялары экспортунун эң башында деңиз басы жана ломбардын турганын айтты.